Коргоо министрлигинде жаңы дайындоолор. Министрдин төрт орун басары дайындалды
- 1 месяц мурун
Коргоо министрлигинде кадрдык чоң өзгөрүүлөр болду. Президент министрлин төрт орун басарын жаңыдан дайындады.
Таалайбек Шаршеев Коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Алмазбек Карасартов Коргоо министринин орун басары кызматынан бошотулду.
Тариэл Отонбаев Куралдуу Күчтөрдүн генералдык штабынын башчысы–коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Алмазбек Кулмурзаев Коргоо министринин орун басары болуп дайындалды.
Азизбек Байбалаев Коргоо министринин орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койгону тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




