Коргоо министрлигинин кызмат адамдары коррупциялык схемага катышууга шектелүүдө

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн  келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн  натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 244 миллион 587 миң 870 сомду (2 700 000 евро) түздү. Бул сумма козголгон кылмыш ишинин алкагында ЖЧК тарабынан өндүрүлдү.

УКМК Коргоо министрлигинин коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты