Жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында Нурсултан Кеңешбеков күмүш медалга ээ болду

  • 4 месяца мурун

Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын спортсмендери ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөттү. Нурсултан Кеңешбеков 7 мүнөт 55,06 секунд жыйынтык көрсөтүп, күмүш медалга ээ болду.

Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.   

Мелдештин биринчи күнүндө 800 метр аралыкта чуркоо боюнча Искендер Чокаев 1 мүнөт 56,83 секунд жыйынтык көрсөтүп, 10-орунду ээледи.

Ал эми 400 метр аралыкта Руслан Литовский 49,57 секунд менен 14-орунга жайгашты.

Чемпионаттын экинчи күнүндө 3000 метр аралыкта чуркоодо Нурсултан Кеңешбеков 7 мүнөт 55,06 секунд жыйынтык көрсөтүп, күмүш медалга ээ болду.

Ошол эле аралыкта Жусуп Сулайман уулу 8 мүнөт 23,71 секунд менен 5-орунду камсыз кылды.

Экинчи күндүн жыйынтыгы менен Нурсултан Кеңешбеков Азия чемпионатынын күмүш байге ээси болду.

6-8-февраль күндөрү Кытайдын Тянцзинь шаарында жеңил атлетика боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты