Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандын кикбоксинг боюнча жаштар командасы 4 медаль алды

Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын кикбоксинг боюнча жаштар курама командасы 4 медаль алды.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

18-сентябрдан 27-сентябрга чейин Италиянын Езоло шаарында (Венеция) юниорлор жана кадеттер арасында кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионаты өттү. Дүйнөлүк биринчиликке 80 өлкөдөн келген жаш спортчулар катышты.

Мелдештердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасы жогорку чеберчиликти көрсөтүп, өлкө куржунун 4 медаль (1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло) менен толуктады.

Жеңүүчүлөр: Абубакир Алимов 48 кг чейинки салмакта (Low Kick багытында) юниорлор арасында Дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды, Даниэль Дрожжаков 57 кг чейинки салмакта (Low Kick багытында) күмүш медалга, Самир Лю 67 кг чейинки салмакта (Low Kick багытында) 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду, Рабия Исраилова 44 кг чейинки салмакта (Low Kick багытында) коло медаль жеңип алды.

Сүрөт: Ден тарбия жана спорт агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты