“Жазылбаган 10 пьеса” аттуу өзгөчөлүү спектакль коюлат  

  • 3 года мурун

27-28-ноябрда жана 11-12-декабрда «705» чыгармачыл тобу МИКСТУРА арт-фестивалынын алкагында «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен «10 жазылбаган пьеса» спектаклин тартуулайт.

Уюштуруучулардын айтымында, эгер кадимки салттуу спектаклдер менен салыштырсак, боло турган көрсөтүүнүн форматы көрүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камтышы, болуп жаткан окуяларга сүңгүп кирип, актёрлор менен оюнда болуу эффектин жаратуусу менен айырмаланат.

Спектаклдин формасы чиймелердин, эмоционалдык образдардын, театралдык пьесалардын жана архивдик материалдардын синтезин камтыйт.

Айтылган образдар уюштуруучулар тарабынан диапроектордун жардамы менен көрсөтүлөт. Андан тышкары спектакль чектелген мейкиндикке чөмүлүүнү камтып, пьесалардын архиви талдоого алынат.

Ошондой эле бул пьесалардын баяны Кыргызстандын азыркы тарыхын да камтыйт. Анын ичинде трагедия, комедия, фарс жана абсурддуктун ноталары болжолдонот.

Долбоордун авторлорунун айтымында, 2014-жылы чыгармачыл пикирлештер тобу өздөрүнүн театралдык сахнасын түзүп, тигүү цехи үчүн жабдылган жертөлөнү ижарага алып, аны көргөзмөлөр, эксперименталдык оюн-зоок жана сүрөтчүлөрдүн жолугушуулары өтүүчү жайга айландырышкан.

Бүгүнкү күндө театрдын башкы уникалдуулугу бул өзгөчө «сахнасы» болуп саналат. Анын жардамы менен аткаруучулар окуяны туура физикалык мейкиндикке (тар коридор, гараж, көчө фонтаны ж.б.) жайгаштырышат. Мындай көрүнүш ткаруучуларга чыныгы жашоону чагылдырууга жана көрүүчүлөр менен баарлашууга да мүмкүндүк берет.

Спектакль 27 жана 28-ноябрь, 11 жана 12-декабрь күндөрү болот.

Дарек: Цех 705, Бөкөнбаев 149, көч. (кире бериш Исанов көчөсүнөн).

Кирүү акысыз. — 0771783026 (Дарина) телефону боюнча алдын ала каттала аласыздар. Орундар чектелген.

Өнүктүрүү: Малика Умарова, Чагалдак Замирбеков, Дарина Капарова, Марат Р.

2021-жылдын октябрь айынын башынан баштап «Искусство жана маданият» программасынын алкагында «Сорос-Кыргызстан» фондунун өнөктөштөрү ар кандай багыттагы жана форматтагы маданий иш-чаралардын сериясын алып барышууда.

Сүрөт: Уюштуруучулар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты