Кыргызстанда Никита Михалковдун “12” аттуу спектакли көрсөтүлөт

  • 1 месяц мурун

30–31-октябрда саат 19:00дө Россиянын эл артисти, белгилүү режиссёр Никита Михалков өзүнүн «12» аттуу спектаклин Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын чоң сахнасында тартуулайт.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

«12» — бул эркиндик, боорукердик жана кыйын абалда калган бөтөн адамга жардам берүү жөнүндөгү ойлорго арналган сахна чыгармасы.

Окуя — 18 жаштагы чечен улутундагы жигит Умар тууралуу. Ал өзүнүн асырап алган атасын — орус офицерин өлтүрүүгө шектелүүдө. Бардык далилдер айыпталуучунун күнөөсүн тастыктагандай көрүнөт, ошондуктан он эки сот арачы аны күнөөлүү деп эсептешсе, бирөө окуянын баары анчалык жөнөкөй эмес экенин айтып, ишти кайра карап чыгууну сунуштайт.

Бул спектакль – масштабдуу спектаклдердин бири, ага 80ге жакын адам тартылган.

Башкы ролдордо Россиянын эл артисттери Никита Михалков, Николай Бурляев, Сергей Степанченко, Россиянын эмгек сиңирген артисти Владимир Долинский, ошондой эле Гия Перадзе, Игорь Сергеев, Сергей Радченко, Александр Ведменский, Владимир Кочетков, Александр Кижаев, Антон Ромм, Евгений Дубовской, Павел Ильин, Рамиз Кялбиев ойношот.

Финалдык бийди Москвадагы балдар ансамбли — Лаша Марыхуба жетектеген “Амцбаз” абхаз бий ансамбли аткарат.

Спектаклдин башталышы 19:00. Премьерасы: 2021-жылдын 24-апрелинде Москвадагы Улуу театрдын Тарыхый сахнасында өткөн. Жанры: драма. Узактыгы: 3 саат 30 мүнөт (1 антракт). Жаш курак чеги: 16+

Иллюстрациялык сүрөт: Маданият министрлиги тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты