Анкара шаарында Талас облусунун музыкалык-драма театрынын спектакли коюлду

  • 1 месяц мурун

Түркиянын Анкара шаарында 9-декабрда  Капар Медетбеков атындагы Талас облусунун музыкалык-драма театрынын спектакли коюлду.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.  

Талас театрынын артисттеринин аткаруусундагы «Семетейчи Сейдана» спектаклинин көрсөтүлүшү эл аралык түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ) тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин активдүү колдоосу менен ишке ашырылды.

«Семетейчи Сейдана» аттуу театрдык коюу «Манас» эпосунун трилогиясынын экинчи бөлүгүн өзгөчө чеберчилик менен аткарганы үчүн «семетейчи» деген ардактуу наам алган Сейдана Молдоке кызынын жашоо таржымалын, анын дастанчы катары басып өткөн жолун, руханий мурасын жана кайталангыс чыгармачылык берешендигин чагылдырат.

Өз сөзүндө элчи Руслан Казакбаев мындай маданий иш-чаралардын Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөдөгү маанилүүлүгүн, ошондой эле кыргыз маданий мурасын сактоонун жана аны чет өлкөлөрдө жайылтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Спектаклди Анкарада жашаган мекендештерибиз, студенттер жана кыргыз элинин маданияты менен искусствосуна кызыккан түрк замандаштар көрдү. Спектаклди көрүүчүлөр жылуу кабыл алды.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты