Бишкекте “Акыркы кат” спектакли коюлду
- 1 неделя мурун
11-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов жана анын жубайы Нагима Айтматованын 120 жылдык мааракесине арналган Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Акыркы кат” спектаклинин бет ачары болду.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар сасатф инистрлиги билдирди.
“Спектакль маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен даярдалган. Спектаклге мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Төрөкул Айтматов менен Нагима Айтматованын кызы Роза Айтматова күбө болушту. Аталган чыгармада Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүдөн тартып элибиздин келечеги үчүн жан үрөгөн улуу инсандардын, алардын бири көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун эрдиги, элибиздин 20-кылымдын 20-30-жылдардагы башынан кечирген тагдыры чагылдырылган” деп айтылат маалыматта.
Төрөкул Айтматовдун ролун Жеңишбек Сманов менен Өмүрбек Израилов аткарган. Нагима Айтматованын улгайган кезин Гүлайым Каниметова жана Айсалкын Кыйыкбаева аткарган. Ал эми Нагима Айтматованын жаш кезиндеги ролун Гүлнара Сатарова, Жаңылай Исакова жараткан.
Режиссёр-коюучу – Уланмырза Карыпбаев. Сүрөтчү-коюучу – Садыр Ниязакунов. Музыкасы – Асылбек Өзүбеков ж.б.
Сүрөт: Маданият министрлиги