Антверпен шаарында Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасынын негизинде спектакль көрсөтүлдү

  • 6 месяцев мурун

Бельгиянын Антверпен шаарында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, ойчул, дипломат, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” аттуу романынын негизинде театралдык спектакль коюлду. Ага Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинин өкүлдөрү да барды.

Бул тууралуу тышкы иштер министринин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Сценографиялык спектаклди баштапкы кесиби боюнча архитектор мекендешибиз, Антверпен шаарындагы театр мектебинин угуучусу Ольга Островская сахналаштырды.

Маалыматта белгиленгендей, дүйнөлүк адабияттын классигинин бул чыгармасын жаңыча көз караш менен чечмелеп, режиссердук табылгалар жана чыгармачыл ыкмалары аркылуу көрүүчүлөргө терең таасир калтырды. Анда ар түрдүү визуалдык эффекттер жогорку чеберчилик менен колдонулуп, кыргыз эл музыкасы фон катары жаңырып турду.

Бельгиядагы элчи Айдит Эркин жазуучунун философиялык жана чыгармачылык мурасын белгилеп, анын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугуна токтолуп, мекендешибизге ыраазычылык билдирип, чыгармачылык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын Бенилюкс өлкөлөрүндө жайылтуу иштери мындан ары да улантылары айтылды.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты