Эс алуу күндөрүн кантип кызыктуу өткөрсө болот?
- 3 недели мурун
- Баяндар
Дем алыш күндөрүн кантип өткөрөм? Эгер бул суроонун үстүндө дале ой-жүгүртүп жаткан болсоңуз, сиз үчүн төмөндө борбор калаа сунуштаган кызыктуу иш-чараларды тизмектедик. Убакытыңызды жагымдуу өткөрүп, алдыдагы иш жумасына жаңы дем менен киришиңиз!
Кубулжуган кыргыз ырлары
Концерт кыргыз фольклорунун күйөрмандары, лирикалык ырлардын баалоочулары үчүн. Атай Огонбаев, Абдылас Малдыбаев, Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов, Муратбек Бегалиев жана Муса Баетовдун белгилүү ырлары опера солисттеринин аткаруусунда жаңырат.
Күнү: 24-ноябрь
Дареги: А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры
Баасы: 300 сом
Билеттер: +996704 144155 же kassir.kg
«Ооэдодайко» концерти
“Тайко” барабандарын каккан барабанчылардын концерти. Жапон маданияты, анын ритми, салттуу музыка менен бирге автордук чыгармалар сиздин эс алууңуздун өзгөчө өтүшүнө кепилдик берет.
Күнү: 24-ноябрь, саат 18:30
Дареги: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония
Баасы: 300 сом
Билеттер: kassir.kg
“Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” аттуу тамашасы жок комедия
“Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” орус классиги А.Чеховдун аңгемесинен алынган спектакли. Спектакль адамдардын түрдүү кыялы, өз ара мамилеси, жан дүйнөсүндө болуп жаткан руханий дарттар тууралуу болмокчу.
Күнү: 24-ноябрь, саат 18:30
Дареги: Кыргыз драма театры, Абдумомунов көч.230
Баасы: 300 сом
Билеттер: kassir.kg, ticketonkg, kassir.kg
Арт-кече
3 саатка созулган арт-кече ар бир катышуучуга өз чыгармасын жаратууга мүмкүнчүлүк берет. Бул жолку кече ат тематикасында болмокчу. Кечени таланттуу сүрөтчүлөрдүн көзөмөлүндө кызыктуу өткөрө аласыз.
Күнү: 24-ноябрь, саат 15:00
Дареги: “Чайкоф” кофейнясы, Токтогул көч.93
Баасы: 1400 сом
Байланыш: +996555953088
Аудиоспектакль
Байланыш аудиоспектакли бул өзгөчө форматтагы долбоор. Спектаклде көрүүчүлөр орундукка отурбайт, алар кулакчындын жардамы менен аудио угуп, Бишкектин борборундагы түрдүү жерлерди аралап, шаар жана анын тургундары тууралуу көптөгөн кызыктуу маалыматтарга ээ болушат.
Күнү: 23-24-ноябрь, саат 16:00
Дареги: Ж.Абдрахманов көч.196
Баасы: 1500 сом
Байланыш: +996772789294
Онигири жасоо боюнча мастер-класс (балдар үчүн)
Бул мастер-класста балдар ашпоздордун жардамы менен онигири жана ролл жасоону үйрөнүшөт. 2 жаштан жогору балдарга катышууга уруксат берилет. Ата-энелер да балдарына жардам берип, убактысын жагымдуу өткөрсө болот.
Күнү: 24-ноябрь
Дареги: Юнусалиев көч. 185/1
Баасы: 1500 сом
Байланыш: +996553881883 otoro_bishkek
Сүрөттөр: Интернет булактарынан