Студенттер “Каткелди” спектаклин көрүүчүлөргө тартуулады   

  • 3 дня мурун

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин театр факультетинин 3-курсунун студенттери Роза Айтматова менен Асан Акматовдун чыгармасынын негизинде “Каткелди” спектаклин көрүүчүлөргө тартуулады.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.  

Иш-чарага маданият министри Мирбек Мамбеталиев жана анын биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, жазуучулар жана искусство өкүлдөрү, аталган университеттин жетекчилиги, студенттер катышты.

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган спектаклди Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишов жана доцент Сайрагүл Эсенбаева сахналаштырды.

“Каткелди” буга чейин да студенттер тарабынан бир нече жолу коюлуп, көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусуна ээ болгон.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты