Жазуучу жана публицист Дүйшөн Керимов дүйнөдөн кайтты
- 1 месяц мурун
Белгилүү жазуучу жана публицист Дүйшөн Керимов 7-ноябрда дүйнөдөн кайтты. Ал 68 жашында оорудан улам каза тапканын «Азаттык» жазды.
Дүйшөн Керимов “Наал эже” тарыхый повестинин, улуттук оюндар тууралуу маалымат топтолгон “Айкөл Манас оюндары” китебинин, ошондой эле “Эрөөл талаа”, “Кыргын-Сай”, “Жол башчы” аттуу эмгектердин, ондогон аңгеме, эсселердин автору болгон.
Ал акыркы жылдары Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын алдындагы «Кыргыз тил» гезитинин редактору болуп эмгектенип келе жаткан.
«Көркөм чыгармачылык менен публицистиканы эриш-аркак алып жүргөн калемгер эле. Ал соңку кездери өзүнүн Ютуб каналы аркылуу өлкөнүн коомдук-саясий, маданий турмушундагы орчундуу, талкуу жараткан окуялар боюнча жеке пикирин активдүү билдирип келген»,- деп айтылат маалыматта.
Керимовду жерге берүү зыйнаты 9-ноябрда саат 11:00дө Таш-Дөбө айылында өтөрү белгилүү болду.
Сүрөт: интернет булактары