Жазуучу жана котормочу Шаршеналы Абдылдаев көз жумду
- 3 недели мурун
2025-жылдын 22-июнунда 88 жаш курагында Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, көрүнүктүү жазуучу жана котормочу Шаршеналы Абдылдаев узакка созулган оорудан соң акка моюн сунду.
Бул тууралуу маданият министрлиги кабар таратты.
Шаршеналы Абдылдаев 1937-жылы 12-майда Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келген.
1956-1961-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүндө билим алып, чыгармачылык жана кесиптик жолун мамлекеттик телерадиокомитетте редакторлуктан баштаган.
Андан соң “Кыргызстан” басмасында, СССР Мамлекеттик басма комитетинин кыргыз бөлүмүндө, “Ала-Тоо” адабий журналынын редакциясында, Жазуучулар союзунун Кыргызстандагы адабият фондунда, ошондой эле Жогорку Кеңештин редакциялык-басма бөлүмүндө узак жылдар бою эмгектенген.
Шаршеналы Абдылдаевдин чыгармачылык дүйнөсү кеңири жана көп кырдуу болгон анын калемине таандык повесть, очерк жана котормолор кыргыз адабиятын жаңы темалар менен байытып, улуттук адабиятты дүйнөлүк көркөм дөөлөттөр менен жакындаткан. Ал дүйнөлүк классиктер — Уильям Шекспир, Федерико Гарсиа Лорка, Георгий Марков, Упит жана башка көрүнүктүү жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине чеберчилик менен которгон. Анын “Бийиктеги жылдыздар” повести, “Романтик”, “Сибирь”, “Отец и сын”, “Тоня из Семеновки”, “Грядущему веку” сыяктуу котормолору жана оригиналдуу чыгармалары кыргыз окурманынын сүймөнчүк адабиятына айланган.
Шаршеналы Абдылдаев Жазуучулар, Журналисттер жана Кинематографисстер союзунун мүчөсү болгон.
Жазуучунун эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, “СССРдин басма тармагындагы отличниги”, “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамдары жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
Ошондой эле ал кыргыз жана якут адабиятынын алакасын бекемдөөдө кошкон салымы үчүн Саха (Якутия) Республикасынын Ойунский атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, көрүнүктүү жазуучу жана котормочу Шаршеналы Абдылдаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз. Анын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 24-июнь күнү, саат 10:00дө Москва көчөсүндөгү №209 үйдө өткөрүлөт.
Сүрөт: Маданият министрлиги тараткан