Жазгы веложүрүш башталат
- 1 год мурун
6-апрелде Бишкек шаарында жазгы веложүрүш маалынын ачылышы өтөт. Веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Каттоо ошол жерде 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт.
Акыркы жарыш чеги «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде болот. Бул жерде спорт сүйүүчүлөрүн көптөгөн кызыктуу оюн-зоок программалары күтөт. Жүрүштүн жалпы узундугу 5,5 км түзөт.
Веложүрүш өтүүчү багыт – Абсамат Масалиев проспектисинин Байтик Баатыр көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейинки түндүк тарабы убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




