Жаза өтөп жаткан жаран кайталап кылмыш жасоого шектелүүдө

  • 1 неделя мурун

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 түзөтүү колониясында 6 жыл жазасын өтөп жаткан 1984-ж.т. Б.Э.М. кайталап кылмыш жасоого шектелүүдө.  

Мурда ад кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралган «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу» жана 330 «Расалык, этникалык, улуттук, диний аймактар аралык кастыкты (аразчылыкты) козутуу» туралуу жасаган аракетинин мыйзамсыздыгын түшүнбөстөн, кайра эле ушул  оор кылмыштарды жасоо жолуна түшүп, кайрадан кайталап кылмыш жасоого шекетлүүдө.

Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Фейсбук социалдык тармагында Э.Б.«Алып качар салып качар» аталыштагы фейк аккаунт ачып алып, болжол менен 2025-жылдын январь айынан баштап, массалык баш аламандыкка, бийликти күч менен басып алууга чакырык менен коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган провокациялык басылмаларды системалуу түрдө Интернетке жайгаштыра баштаган.

Топтолгон материалдардын негизинде УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 2-июнунда кылмыш-жаза кодексинин 278-берененин 3-бөлүгү «Массалык баш аламандыкка чакыруу» жана 327-берененин 2-бөлүгү «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу» боюнча кылмыш жасаган деп Э.Б.га айып тагылган.

Маалыматта белгиленгендей, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ЖК-27 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатып, блогер Б.Темиров менен тыгыз  байланышта болуп, «Temirov Live» долбоорунун жетекчисине, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ичиндеги абалы тууралуу маалыматтарды берип, андан тиешелүү тапшырмаларды алып турган.

Эксперттин корутундусуна ылайык, “Алып качар салып качар” аккаунтунун колдонуучусунун басылмаларында, «Фейсбук» социалдык тармагында мамлекеттик кызматкерлердин жана уюмдардын массалык баш аламандыктарды уюштуруу боюнча мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, аларга катышууга чакырыктар, ошондой эле жарандарга зомбулук кѳрсѳтүү камтылган. Мындан сырткары, аталган басылмаларда бийликти күч менен басып алууга жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө коомдук чакырыктардын белгилери да камтылган.

Учурда сотко өткөрүп берүү үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты