Жатак абактарды жоюу чечими кабыл алынды
- 1 неделя мурун
Өзүн өзү актабаган түзөтүү мекемелерди — акыркы 6 жатак абакты жоюу боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдири.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылы тиешелүү кодекстерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, андан кийин колония-конуштардын биринчи тобу жабылган.
2026-жылдын 28-январында мекемелердин экинчи тобун – № 26, 42, 43, 44, 45 жана 52-мекемелерди жоюу чечими кабыл алынды.
Реформа пробация менен функцияларды кайталабастан, мамлекеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануу заманбап ыкманы ишке ашырууга багытталган.
Сүрөттө: Юстиция министрлиги
Реформа пробация менен функцияларды кайталабастан, мамлекеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануу заманбап ыкманы ишке ашырууга багытталган
Муну бөлүшүү




