Жашыруун иштеген казино жайы аныкталды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунда компьютердик клуб деген атка жамынып, жашыруун казино түйүнүн уюштурган жайды ачыктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 17-мартта жашыруун иштеген жайдын уюштуруучулары жана администратору кармалды. Алардын бир айлык акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон аша турганы маалым болгон.
Текшерүү күнү алардын кассасынан бир күндө чогултулган 200 миңден ашык сом табылган. Андан тышкары оюн автоматтары катары пайдаланылган 40 компьютер табылып алынды. Жагдайды териштирүү үчүн андагы 40 кардар да кармалды.  

Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, салык боюнча текшерүүлөр дайындалды.

Жашыруун жайды уюштурууга укук коргоо кызматкерлери да шектелип жаткандыгы айтылды.  

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты