Жашы жете элек балдарды сатууга шектелип, кылмыштуу топ кармалды

  • 2 недели мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан жашы жете элек балдарды мыйзамсыз асыроо жана андан ары сатуу максатында аларды өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгууга адистешкен кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандардан турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган кылмыштуу уюм 2022-жылдан бери паракорчулук, ар кандай айла-амал, мыйзамдарды бузуу сыяктуу ар түрдүү жолдор менен социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө, Кыргызстандын жарандарынын балдарына толук камкордук көрүү укугун алышканы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (Адам сатуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

УКМКнын маалыматында, 20-сентябрда бул кылмыштуу уюмга тиешеси бар адамдар кармалып, тергөө абагына камалган.

Учурда кылмыштуу уюмдун башка мүчөлөрүн жана аларга көмөк көрсөткөн адамдарды издөө, ошондой эле бул мыйзамсыз иш аракеттерден жабыр тарткандарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты