Жаштар англис тилинин орфографиялык “Spelling Bee” сынагына катышат

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги 29-октябрда «Лингва» инновациялык билим берүү фонду менен бирге англис тилинин орфографиялык “Spelling Bee” улуттук сынагын өткөрөт.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, быйылкы англис тилинин орфографиялык “Spelling Bee” улуттук сынагына Кыргыз Республикасынын аймактарынан эң мыкты деп табылган жыйырма төрт жеңүүчүсү катышат. Сынак К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасындагы Америка Борборунда (дареги К.Тыныстанов көчөсү 242), саат 11:00дө өткөрүлөт.

2022-жылдын акыркы эки айында Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилиги тарабынан каржыланган сегиз Америкалык Борборунда аймактык орфографиялык “Spelling Bee” сынагы өттү. Ар бир аймактан эң мыкты деп табылган үч жеңүүчү улуттук  сынакка катышууга

Улуттук “Spelling Bee” сынагынын эң мыкты үч жеңүүчүсү 2022-жылдын ноябрында Ташкент шаарында өткөрүлө турган, АКШнын өкмөтү тарабынан каржыланган Борбордук Азия Кыргыз Республикасынын атынан таймашат.

Бул сынакка катышуу акысыз жана бардык каалоочулар үчүн ачык. Кенениреек маалымат боюнча Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин пресс-кызматы менен [email protected] электрондук дареги же 0312 597-000, 0770 770-299 телефондор аркылуу байланышыңыздар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты