Жашоо узактыгы орточо 75 жашка жакындаган өлкөлөрдүн катарына кошулуу милдети коюлган
- 1 месяц мурун
Кыргызстанда 2030-жылга карата өмүр сүрүү узактыгы орточо 75 жашка жакындагын өлкөлөрдүн катарына кошулуу милдети коюлган.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн медициналык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо учурунда билдирди.
“Биз ден соолук адамдын негизги укугу жана жеке адамдын, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин бакубат жашоосу үчүн башкы баалуулук деген принципти бекем карманабыз. Ушул максатта 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында жарандардын орточо өмүр сүрүү узактыгын жогорулатуу жана 2030-жылга карата өмүр сүрүү узактыгы 75 жашка жакындаган өлкөлөрдүн катарына кошулуу милдети коюлган” деп билдирди Касымалиев.
-Биздин жалпы максатыбыз – күчтүү, өнүккөн жана дени сак Кыргызстанды куруу. Бул жолдо медицина кызматкерлеринин эмгеги баа жеткис. Баарыңыздарга бекем ден соолук жана берекелүү узун өмүр каалайм. Ардактуу эмгегиңиздер ар дайым элдин урматы, ишеними жана ыраазычылыгы менен коштолсун!-деди МинКаб төрагасы куттуктоодо.
Кыргызстанда ар жылы июль айынын биринчи жекшембисинде медицина кызматкерлеринин күнү белгиленип келет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




