Жаш жигиттин өлүмү: Милиция менен дарыгерлер эмне дейт? (ВИДЕО)

24 жаштагы Алтынбек Абдыжапаров кесиптештери менен Ысык-Көлгө эс алууга барып, Чолпон-Ата шаарындагы “Ала-Тоо” эс алуу үйүнүн жумушчулары менен болгон жаңжалда каза тапты. Бул окуяда анын жакындары милиция менен дарыгерлердин шалаакылыгын белгилеп, ишке тиешеси барларга чара көрүүнү суранышкан.

“Политклиника” медиасынын кабарчысы каргашалуу окуя болгон жерге барып, иштин чоо-жайын билип кайтты.

Толук маалымат: ВИДЕОдо:

Мурда маалымдалгандай, 16-августта болжол менен саат 10:25 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) нөөмөт бөлүмүнө Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу жайларынын биринде 2001-жылы туулган А.А. аттуу жигит каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Мааламытта айтылгандай, териштирүүдө маркум кесиптештери менен Бишкек шаарынан эс алууга келгендиги, эс алуу жайдын аймагында белгисиз адамдар менен өз ара пикир келишпестиктен улам дене жаракатын алып, кийинчерээк каза болгону аныкталды.

Окуя болгон жерден далил буюмдар табылды. Аталган факт катталып, кылмыш-жаза кодексинин 130 беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Кылмыш ишинин алкагында шектүү катары 2011-жылы туулган У.Т., 2008-жылы туулган А.А., 2006-жылы туулган Б.Ч. аттуу жарандардын тек-жайы аныкталды. Алар кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Соттун чечими менен шектүү жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камакка алынган. 

Тергөө уланууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан     

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты