Ысык-Көлдөгү эс алуу жайында жигиттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

  • 7 месяцев мурун

16-августта болжол менен саат 10:25 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) нөөмөт бөлүмүнө Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу жайларынын биринде 2001-жылы туулган А.А. аттуу жигит каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мааламытта айтылгандай, териштирүүдө маркум кесиптештери менен Бишкек шаарынан эс алууга келгендиги, эс алуу жайдын аймагында белгисиз адамдар менен өз ара пикир келишпестиктен улам дене жаракатын алып, кийинчерээк каза болгону аныкталды.

Окуя болгон жерден далил буюмдар табылды. Аталган факт катталып, кылмыш-жаза кодексинин 130 беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Кылмыш ишинин алкагында шектүү катары 2011-жылы туулган У.Т., 2008-жылы туулган А.А., 2006-жылы туулган Б.Ч. аттуу жарандардын тек-жайы аныкталды. Алар кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Соттун чечими менен шектүү жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камакка алынган. 

ИИМдин басма көз кызматынын маалыматы боюнча, тергөө уланууда.

Социалдык тармактарда жана ЖМКда Ысык-Көлдөгү “Ала-Тоо” пансионатында 24 жаштагы жигит (А.А.) андагы коопсуздук кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынып, алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгондугу тууралуу маалыматтар тараган. Анда эс алуучулар менен пансионаттын коопсуздук кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестиктерден улам, уруш чыккан. Анын натыйжасында А.А. сабалып, алган жаракатынан улам, ооруканада көз жумган.

Сүрөт: Интернет булактарынан     

 .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты