Жаш манасчы Гүлжигит Кубанычбеков Уфадагы мелдеште биринчи орунду алды

Башкортостандын борбору Уфа шаарында жана Бөрйэн районунда жаш айтуучулардын бүткүл россиялык конкурс-фестивалында кыргызстандык жаш манасчы Гүлжигит Кубанычбеков баш байгени жеңип алды.

Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясынан билдиришти.  

Жеңүүчү Гүлжигит Кубанычбеков бриллиант чөгөрүлгөн төш белги жана уюлдук телефон менен сыйланды.

Фестивалга Москва шаарынан, Красноярск крайынан, Саха (Якутия) Республикасынан, Башкортостандын 3 шаарынан жана 18 районунан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан, жалпы 35 жаш айтуучу катышты.

Сынактын калыстар тобун «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти Таланталы Бакчиев жетектеген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты