Жасалма виза даярдоо каналын уюштурган Бангладештин жараны кармалганы айтылды   

Бангладештин Х.М.М. аттуу жараны аныкталып, ал мекендештерине акчалай сыйлык үчүн жасалма документтерди даярдоо жана сатуу боюнча туруктуу канал уюштурууга шектелүүдө.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.   

Ушул жылдын февраль айында Х.М.М. Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек мигранттарын легалдаштыруу үчүн 66 500 АКШ долларын алып, жасалма уруксат берүүчү документтерди жасап, мекендештерине жөнөткөн.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында Бангладеш жарандарынын уруксат берүү мөөнөтү өтүп кеткен 120дан ашык паспорту, ошондой эле жасалма документтердин электрондук көчүрмөлөрү сакталган ноутбук табылган.

Аталган чет өлкөлүк жаран Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине киргизилди жана  учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты