Жасалма Шенген визасын сатып жүргөн чет элдик жарандар кармалды

  • 10 месяцев мурун

Чет элдик жарандар катышкан эл аралык мыйзамсыз миграциянын каналы аныкталды жана бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Пакистандын жарандары М.Р. жана А.В. ири суммадагы акчалай сыйлык алуу үчүн, Пакистандан келген туристтерге Италиянын жасалма Шенген визаларын туруктуу сатуу каналын уюштурушкан. Андан ары алар Казакстан, Россия жана Белорусь аймактары аркылуу Европа өлкөлөрүнө жөнөтүүнү пландаштырышкандыгы аныкталды.

Чет элдик жарандар кармалып жана КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты