“Жасалма интеллект мүмкүнчүлүк гана эмес, жоопкерчилик дагы”. МинКаб жасалма интеллектти колдонууда  

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана президенттик администрациянын кызматкерлери үчүн жасалма интеллектти өнүктүрүү темасында уюштурулган лекцияны ачып жатып, “Дүйнөдө жасалма интеллектти улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ишке ашыра алган мамлекеттер келечектин лидери болуп жатканы азыртадан эле ачык байкалууда. Кыргызстан дагы ушундай лидер боло алат”деп билдирди.

Акылбек Жапаров бүгүнкү күндө жасалма интеллект жаңы уникалдуу жумуш орундарын түзүүгө, жашоонун сапатын жакшыртууга жана ал тургай маданий мурастарды сактоого жардам берээрин улантып, ал жасалма интеллект функционалдык гана эмес, тилдин жана салттын кайра жаралуусунун символу боло аларын көрсөткөн “Акылай” долбоорун мисалга келтирди.

“Бирок, жасалма интеллект мүмкүнчүлүк гана эмес, жоопкерчилик дагы. Бүгүнкү күндө биз жарандардын маалыматтарын коргоого, алгоритмдердин ачыктыгына жана тобокелдиктерди минималдаштырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Бул принциптер улуттук стратегиянын негизин түзөт, ал технология ар бир кыргызстандыктын жыргалчылыгы үчүн иштешин камсыз кылууга багытталган. Маккинзи баяндамасында жасалма интеллект 2030-жылга чейин дүйнөлүк ИДПга 20 триллион долларды кошо алат, деп айтылат. Бул жарышка катышуубуз бир гана экономикалык өсүүгө умтулуу эмес, кызматташтыкка жана инновацияга негизделген жаңы моделди түзүү дегенди билдирет”, — деген Акылбек Жапаров IT адистиктери боюнча быйылкы окуу жылында бюджеттик орундардын квотасы 500дөн 4 миңге чейин көбөйтүлгөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, лекцияны Сколково илим жана технология институтунун жана Колдонмо жасалма интеллект борборунун өкүлдөрү окуду.

“Жасалма интеллект мүмкүнчүлүк гана эмес, жоопкерчилик дагы”. МинКаб жасалма интеллектти колдонууда  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты