Борбор шаарда электр чыгырык жана мопед колдонууга убактылуу чектөө киргизүү сунушталды

Борбор шаарда эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы жеке мобилдүүлүк каражаттарын (СИМ) ижарага берүү кызматтарын көрсөткөн компанияларга аларды шаардын аймагында убактылуу пайдаланууну чектөөнү сунуштады.

Чектөө киргизүү сунушталган мөөнөт —30-августтан 2-сентябрга чейин.

Мындай чаралар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жол кыймылынын үзгүлтүксүз уюштурулушуна шарт түзүү, ошондой эле расмий иш-чараларга катышуучулардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн  камсыз кылуу максатында сунушталууда.

Мындан тышкары, электросамокаттарды ижарага берүү кызматтарынын операторлоруна көрсөтүлгөн мезгил аралыгында электросамокаттарды муниципалдык аймактарга жайгаштырууну жана токтотуп коюуну убактылуу токтотуу сунушталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты