Жасалма фирмалар аныкталды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарынын тургундарына кылмыш-жаза кодексинин 220-беренесинин 2-бөлүмү (жалган ишкерлик) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад облусунун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн талдоо учурунда, болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат  көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү иштер аныкталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери кармалып, алардын мыйзамсыз иш-аракеттери ачыкка чыкты.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмаларга кандай кошумча салыктар алынганы туралуу салыктык текшерүүлөр дайындалды.

Тергөө иштери уланып жатканы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты