Жасалма доллар ташуу жана сатуу боюнча эл аралык каналга бөгөт коюлду

Жалал-Абад облусунда 1983-жылы туулган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ж.М.Ж. 11,5 миң жасалма доллар (АКШ доллары) сатууга аракет кылып жатканда 21-апрелде кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү чет мамлекеттердин биринен алынып келинген жасалма АКШ долларын сатуу боюнча туруктуу эл аралык канал түзүшкөнү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Кармалган Ж.М.Ж. кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты