Жасалма диплом колдонууга шектелген эки депутаттын маселеси эмне болду? БШКнын жообу

  • 2 года мурун

Бир ай мурун УКМК Жогорку Кеңештин эки депутатынын диплому боюнча БШКга маалымат берген. Алар «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаилов жана «Альянс» фракциясынан депутат Фарходбек Алимжанов.

Мындан улам Фарходбек Алимжанов билдирүү жасап, сүрөттөрүн жарыялаган. Ал эми Фархат Исмаилов болсо үн каткан эмес.

Бүгүн, 10-майда «ПолитКлиника» медиасы бул маселе тууралуу кандай иштер жүргүзүлүп жатканы боюнча маалымат алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматовго байланышты.

«Маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо үчүн Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганбыз. Азырынча жооп келе элек. Кээ бир иштер ушундай болуп кармалып калат», — деди ал.

Эске салсак, БШК жыл башында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Орозайым Нарматованын диплому жасалма деген негизде анын мандаттан ажыраткан. Экс-депутат муну саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты