Маданият министринин атынан телефон чалуулар аркылуу алдамчылык фактылары катталганы эскертилди
- 2 месяца мурун
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун атынан телефон чалуулар жана билдирүүлөр аркылуу алдамчылык фактылары катталганы эскертилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Алдамчылар министр же анын ишенимдүү адамдары катары өзүлөрүн таанышып, өз кызыкчылыктарын көздөп, адамдарды алдоо аракетин көрүшү мүмкүн. Сиздерден этият болууну жана мындай провокацияларга алдырбоону өтүнөбүз!
Министрлик жеке маалыматтарды талап кылбайт, расмий эмес каналдар аркылуу кайрылуу жасабайт жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт.
Эгерде сизге шек жараткан чалуу же билдирүү келсе, эмне кылуу керек?
Эч качан жеке маалыматтарыңызды бербеңиз;
Акча которбоңуз жана эч кандай өтүнүчтөрдү аткарбаңыз;
Аталган учурлар болсо дароо укук коргоо органдарына кабарлаңыз», — деп жазылат маалыматта.