УКМК: Уюшкан кылмыштуу топ мүчөсүнүн аракеттерине бөгөт коюлду

  • 11 месяцев мурун

Кытайдан келген инвесторлордун арызынын негизинде Ош шаарында жайгашкан «Мухаммед Умар» спорт клубунан чыккан «Шрам», «Череп» өңдүү каймана аттар менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.у.А.нын аракеттерине бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, А.у.А. кытайлык ишкердин ишенимине кирип, алдамчылык жол менен анын Лексус GX 460 үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, үчүнчү жактарга сатып жиберген. Ишкер унааны кайтарып берүүнү талап кылганда А.у.А. коркутуу-үркүтүү жолу менен, өзүн кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары тааныштырып, ишкерге зомбулук көрсөтөөрүн айтып, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары менен («Дженго» — К.Досонов, «Казак» — Ж.Көлбаев жана У.Маратов) менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн көрсөткөн.

Козголгон кылмыш иштин алкагында А.у.А. кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда анын мындан бөлөк башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты