УКМК: Чет элдик жарандарга медициналык диплом берүүнүн мыйзамсыз схемасы аныкталды
- 11 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) козголгон кылмыш иштин алкагында «Эл аралык медициналык университет» жеке менчик жогорку окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын айрым кызматкерлерин кармады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Кармалгандар чет өлкөлүк жарандар менен акчалай сый акы үчүн кылмыштуу бүтүмгө кирип, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүзүндө болбогонуна карабастан, окуу жана баалоо иш кагаздарын бурмалашкан.
Андан ары жасалма окуу мөөнөтү аяктагандан кийин чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз түрдө медицина тармагында жогорку билими тууралуу диплом берилген. Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Илююстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




