Агрардык университеттин төрт диплому жокко чыгарылган
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жогорку билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) окуу ишмердүүлүгү текшерилген.
Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында аталган университеттин студенттеринин орто аралык аттестациясын өткөрүү боюнча тартип бузуулар аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында университеттин администрациясы тарабынан 8 мугалимге тартиптик жаза берилип, маалыматтык системалар жана дистанттык билим берүү институтунун директору кызматынан төмөндөтүлүп, бир окутуучу кызматынан бошотулуп, 4 жогорку билим тууралуу диплом жокко чыгарылды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




