Жасалма акча жасоого шектүүлөр кармалды
- 1 месяц мурун
Жасалма чет элдик валюта банкнотторун таратуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-техникалык экспертиза жүргүзүлүп, натыйжада жүгүртүүдө жасалма чет элдик банкноттор пайда болгонун тастыктаган корутунду алынды. Кыргыз Республикасынын жарандары М.И.М. жана С.К.Д. жасалма акчаларды сатуу жана ага ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эски автоунааларды сатып алуу жана сатуу бизнесин уюштургандыгы жана төлөмдөрдү жасалма чет элдик банкноттор менен жүргүзүшкөндүгү аныкталды.
13-январда аталган жарандардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү чет элдик жана улуттук валютадагы банкноттор алынып, алар соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.
М.И.М. жана С.К.Д. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сүрөттө: Шектүүлөр. УКМК басма сөз кызматы