Жасалма акча жүгүртүп келген трансулуттук кылмыштуу топ мүчөлөрү аныкталды  

  • 5 месяцев мурун

Жасалма акчаны мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды,.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынын  маалыматына караганда, кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинде (Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарында трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү, жасалма акчаларды (Түркияда жасалган АКШ доллары) сатуу менен алектенген Кыргыз Республикасынын Ж.К.А. жана М.К.Т. аттуу жарандары кармалды.

Кармалгандар чет мамлекеттердин (Өзбекстан жана Түркия) жарандары менен алдын ала сүйлөшүп, Кыргызстан жана Өзбекстан аймагында жасалма акча каражаттарын алып сатып жана жүгүртүп келишкен.

Аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты