Жасалма акча сатууга аракет кылгандар кармалды (Видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан республикага жасалма АКШ долларын алып кирүү каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

10-октябрда Бишкек шаарында 5 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма банкноттордун партиясын сатууга аракет кылган А.С.А. жана С.У.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды. Ошол эле учурда алар криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөгөндүгү аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, А.С.А. жана С.У.С. аттуу жарандар кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык кармалды. Алар УКМКнын убактылуу абак жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты