“Базар-Коргон суу канал” жетекчилиги акча ыйгарып алууга шектелип кармалды
- 3 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы тарабынан, «Базар-Коргон суу канал» муниципалдык ишканасынын директору жана башка жооптуу кызматкерлери абоненттерден алынган акча каражаттарды ич ара ыйгарып алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталганын билдирди.
УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, аталган ишкананын директору А.К.Э., башкы инженер С.Ш.З. жана техникалык адис Ж.А.Ж. шаардын авариялык делген суу түтүктөрүн оңдоо жана алмаштыруу керек деген шылтоо менен инспекторлордон мыйзамсыз акча чогултуп, чогулган каражаттарды өз ара ыйгарып жүрүшкөн. Андан соң, кылмыштуу аракеттерин жаап жашыруу максатында, акча каражаттарын жалган ыкмалар менен эсептен чыгарып турушкан. 2025-жылдын 21-апрелинде ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын УКЖсына киргизилген.
Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн «Базар-Коргон суу канал» муниципалдык ишканасынын каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудитордук текшерүү иштери дайындалганы белгиленди.



Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы