Ошто Абай Кунанбаевдин ысымы көчөгө ыйгарылды

  • 2 месяца мурун

Ош шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эки көчө бириктирилип, казак эл акыны Абай Кунанбаевдин ысымы ыйгарылды. Көчөнүн башына Абай Кунанбаевдин эстелиги жана музейи курулуп, ачылышы өттү.

Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн башчысынын биринчи орун басары Ильяз Ташбаев , шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай жана шаар тургундары катышты.

Сквер 2858 чарчы  аянтты ээлейт, музей, эстелик орнотулган. Аны менен катар отургучтар коюлуп, брусчатка басылып, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты