Депутат Айбек Алтынбеков Үсөн Сыдыковго Кыргыз эл Баатыры наамын берүүнү сунуштады

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 10-сентябрда, Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун депутаты Айбек Алтынбеков Үсөн Сыдыковго Кыргыз Республикасынын эл баатыры наамын берүү демилгесин Базар-Коргон шаарынын тургундары, аксакалдар көтөрүп жатканын айтты:

-Базар-Коргон районунда  эмгектин 7 баатыры, Ооган согушунун бир баатыры бар. Алардын ысымдары орто мектептерге берилген.

Былтыркы жылы Базар-Коргон шаарында эс алуу багына Үсөн Сыдыковдун аты ыйгарылып, эстелиги коюлуп, аземи болду. Ошол жерде Жаныш Алимбаев деген аксакалыбыз сүйлөп, өз сөзүндө Үсөн Сыдыковго Кыргыз эл Баатыры наамын берүү маселесин көтөрдү. Мен бүгүн Үсөн Сыдыковду Кыргыз эл Баатырлыгына сунуштаган Базар-Коргон шаарынын элинин, аксакалдарынын атынан сизге жеткирип коюуну туура көрдүм. Алмаз Акунжанович, (Абытов Алмаз Акунжанович-президенттин ЖКдагы өкүлү-ред.). Үсөн Сыдыковичке Кыргыз эл баатыры наамын берүүгө убакыт келди. Ал киши бүгүнкү күндө арабызда жок. Ал кишинин эмгеги бүгүнкү күнү элибиздин оозунда,-деди депутат Айбек Алтынбеков.      

Үсөн Сыдыков мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты 28-июлда 78 жаш курагында каза тапкан.

Сүрөттө: Үсөн Сыдыков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты