Чубак ажы Жалиловго “Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын ыйгаруу сунушталды
- 3 месяца мурун
Диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин «Кыргыз Республикасынын баатыры» ардактуу наамын ыйгаруу сунушталууда.
Бул тууралуу 3-февралда, президент Садыр Жапаров Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алган учурунда айтылды.
Талантбек Ташибеков уюмдун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата юбилейлик иш-чараларды өткөрүү пландары жөнүндө маалымдап, буга байланыштуу мамлекет башчыдан эмгек сиңирген дин ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселесин кароону өтүндү.
Президент бул маселе боюнча макулдугун билдирди. Ошондой эле диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин «Кыргыз Республикасынын баатыры» деген ардактуу наамын ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Сүрөт: president.kg




