Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталды

  • 11 месяцев мурун

“Жаратылышты өнүктүрүү фондуyнун” жана Кыргыз жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарынын коррупциялык механизми аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле схеманы уюштурган жооптуу жана кызмат адамдарынан турган кылмыштуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Туунду долбоорлорго негизсиз каржылык көрсөтүп жана айрым компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга каражат бөлүп туруучу коррупциялык схеманын негизги уюштуруучусу фонддун директору К.Ж.Т.

Айта кетсек, 2021-жылдан азыркы убакытка чейин курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлоруна “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын каражаттарынан жыл сайын 3 млн 700 миң АКШ доллары (Улуттук банкынын курсу боюнча 325 млн сом) өлчөмүндө каражат бөлүнүп турган. 3 жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомго жакын.

К.Ж.Т. 2021-жылдан бери Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, фонддун каражаттарынан мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында жаратылышты коргоо долбоорлоруна деп ар кандай уюмдарга 400 миллион сомдон ашык каражат чегерген.

Иш жүзүндө ал акчалар жеке бизнести уюштурууга пайдаланылган. Долбоорлор экологиялык жана башка экспертизаларды өтпөстөн, эффективдүүлүгүн деталдуу изилдебестен, ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктабастан жактырылган жана каржыланган. Учурда Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директору К.Ж.Т. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты