Мыкты журналисттик иликтөөлөргө Улан Эгизбаев атындагы сыйлык ыйгарылды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 12-февралда, 2024-жылдын мыкты журналисттик иликтөөлөрү үчүн Улан Эгизбаев атындагы сыйлык ыйгарылды.
Биринчи орунга Exclusive.kg редакциясынын “Борбор Азиядагы эң чоң майнинг-ферма”, экинчи орунга T-media порталынын “Корук аймакка конуш салган аткаминерлер” жана үчүнчү орунга “МедиаХаб” редакциясынын “Ботаника багындагы каргаша. Боздогон ата-энелер” аттуу материалдары татыктуу болду.
Иликтөөчү журналисттерге жыл сайын ыйгарылуучу сыйлык иликтөөчү журналист Улан Эгизбаевдин туулган күнүндө — 12-февралда тапшырылат. Курч иликтөөлөрү менен белгилүү болгон журналист Улан Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө каза болгон.
Сүрөт: RFE/RL
Муну бөлүшүү