Кудрет Тайчабаров туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды

  • 1 месяц мурун

Кудрет Тайчабаров туризмди өнүктүрүү фондун жетектей баштады.

Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. Маалыматты “Азаттыкка” фонддун басма сөз кызматы да ырастады.

Бир жыл мурда Кудрет Тайчабаров Бишкек эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) директору кызматынан кеткенин жарыя кылган. Министрлер кабинети Кудрет Тайчабаровго 2021-жылы парламенттик шайлоодо бир тууган карындашы Адинай Марипованы ачык колдогону үчүн сөгүш берген.

Туризмди өнүктүрүү фондун буга чейин Абылкасым Шерниязов башкарып келаткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты