Директор Хүснү Биржан «Маариф» фонду Кыргызстандын билим берүүсүнө ири инвестиция тартууну көздөгөнүн айтты

  • 1 месяц мурун

Президенттик администрацияда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен “Маариф” эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнүн директору Хүснү Биржандын жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында айтылды.

Маалыматта айтылгандай, жыйындын жүрүшүндө Эдил Байсалов “Сапат” билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүү чечимин билдирди. Бул чечим республиканын студенттеринин таламдарын жана билим берүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөш катары фонддун татыктуу аброюн камсыз кылуу менен негизделет.

 “Сапат” тармагын башкарууну өткөрүп берүү студенттердин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын бир топ жакшыртаарына ишенебиз. Жаңы башкарууга өтүү процесси мыйзам чегинде, эмгек жамааттарынын укуктарын коргоо жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн кепилдөө менен так жүргүзүлүшү маанилүү” деп белгиледи Байсалов.

Өкүлчүлүктүн директору Хүснү Биржан «Маариф» фонду жакынкы айларда Кыргызстандын билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө ири инвестицияларды тартууну көздөп жатканын ырастады.

Мектептердин тармагын кеңейтүү, заманбап технологияларды жана окутуу программаларын киргизүү, ошондой эле окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү пландаштырылганы айтылды.

Кыргызстандагы “Сапат” лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын юстиция министрлигинин сайтындагы маалымдалды.  

Түркиянын Маариф Фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн мамлекеттик уюм. Анын максаты — бала бакчалардан университеттерге чейин чет өлкөдөгү билим берүү мекемелерин башкаруу, ошондой эле Анадолунун жалпы баалуулуктарына жана салттарына негизделген маданий алмашууну жана сапаттуу билим берүүнү жайылтуу.

Кыргызстанда “Маариф” фонду өз ишмердүүлүгүн активдүү өнүктүрүүдө. 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектеби ачылган, ал 11 миң чарчы метр аянтты ээлеген кампуста жайгашкан жана 61 класска эсептелген. Бул мектепте билим берүү кыргыз, түрк жана орус тилдеринде англис тилин үйрөнүү менен Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик стандарттарына ылайык жүргүзүлөт. Табигый илимдерге, гуманитардык илимдерге, жаңы технологияларга жана маданиятка өзгөчө көңүл бурулат.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты