«Кел-Суу керемети» фестивалы болуп өттү
- 1 месяц мурун
- Фоторепортаж
Ат-Башы районунда «Кел-Суу керемети» аттуу фестиваль өттү. Ага жергиликтүү тургундар менен катар, Казакстан, Россия, Европа өлкөлөрүнөн туристтер тартылды.
Бул тууралуу Кыргызстандагы туризмди колдоо фонду кабарлады.
Фестивалдын программасында бүркүт салуу жана шумкар менен аңчылык көрсөтүү, тайган салуу жана жаа атуу, аркан тартыш оюндары болду.
«Аба ырайы отуз градус суук болуп турса да, фестивалдын катышуучуларына жана конокторуна суук кыйынчылык жараткан жок. Алар музыкалык номерлер жана муз бийи менен коштолгон жандуу концертти, манасчынын аткаруусун жана кулинардык экскурсияны жогору баалашты, фестивалдын коноктору кыргыз ашканасынын даамдарынан даам татышты» деп айтылат маалыматта.
Бул фестиваль биринчи жолу өттү. Анын уюштуруучулары — Ат-Башы райондук администрациясы жана Ат-Башы дестинациясы аны жыл сайын өткөрүүнү пландаштырып жатканы белгиленди.




Сүрөттөр: Кыргызстандагы туризмди колдоо фонду