Жарандын үйүнөн ири өлчөмдөгү баңгизат табылды

28-сентябрда козголгон кылмыш иштин алкагында, Жалал-Абад облусунда жайгашкан үйлөрдүн бири тинтилгенде ири көлөмдө баңгизат табылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.   

Экспертизанын жыйынтыгында, бул зат жалпы салмагы 833 граммды түзгөн “кургатылган марихуана” болуп чыкты. Баңгизат табылган үйдүн ээси М.А.Д. аттуу жаран кармалды.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты