Жарандык коом: Чакырыктар жана келечек

Тайланддын борбор шаары Бангкокто дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 1000ге жакын адамды чогулткан Жарандык коомдун эл аралык жумалыгында жарандык коом өкүлдөрү туш болгон кыйынчылыктар, андан чыгуунун жолдору талкууланды. Биз маанилүү цитаталар менен бөлүштүк. 

Иш-чаранын уюштуруучулары Жарандык коомчулуктун глобалдык альянсы CIVICUS жана Азиялык демократиялык тармактын (ADN) маалыматтарына караганда, иш-чара 120га жакын талкууларды өзүнө камтыды. 

Иш-чарада бул жумалык дүйнө жүзүндө жарандардын эркиндиги оор кырдаалга туш болуп, эркиндиктер чектелип жаткан учурда өтүп жатканы белгиленди. Маалыматтарга караганда, 198 өлкөнүн 116сында жарандык коом олуттуу чабуулдарга туш болуп, ой-пикирлер, сөз эркиндиги чектөөлөргө дуушар болуп жатат. 

Куми Найду, Түштүк Африкадагы социалдык жана экологиялык адилеттүүлүк боюнча активисти, өзөктүк куралды жайылтпоо келишими уюмунун президенти:

“Пессимизмдин баасы кымбат”

“Пессимизм – бизге өтө эле кымбат турат, ошондуктан биз ага жол бере албайбыз. Биздин анализдерибиздин, турмуштук тажрыйбаларыбыздын, байкоолорубуздун негизинде келип жаткан пессимизмге биз ойлорубуздун, чыгармачылыгыбыздын, эрдигибиздин оптимизми менен жооп беришибиз керек… Тилектештик бул биздеги эбегейсиз күчкө ээ энергия. Келгиле, аны биз акылыбыз менен пайдаланып, алга карай жыла беребиз”.

 Жарандык коом: Чакырыктар жана келечек

Соня Квами, климат адилеттүүлүгү үчүн күрөшкөн активист:

“Бул — биздин мезгилдин жылаңач чындыгы”

– Газада эмне болуп жатканы тууралуу айткым келет. Эки жыл ичинде биз 70 000 адамдын өлүмүнө күбө болдук, анын ичинде — 50 000и аялдар менен балдар. Ачарчылыкка дуушар болуп жатышат. Бул — биздин мезгилдин жылаңач чындыгы. Биз мына ушуну башыбыздан кечирип жатабыз. Бул — ушул убакытка чейин жүрүп келген адам укуктары үчүн, мыйзамдын үстөмдүгү үчүн жүүп келген күрөштүн кулашы. Буга Газадан өткөн мисал жок.

 Жарандык коом: Чакырыктар жана келечек

Миклос Маршал, CIVICUSтун мурдагы аткаруучу директору, негиздөөчүлөрүнүн бири:

“Жарандык коом өзү кооптуу абалда турат”

– Глобалдык башкаруу деген система биздин көз алдыбызда кулап жатат.  Нормалар, стандарттар сакталбай калды. Аларды сактай турган институттар иштебей калды. Ал институттарды, өкмөттөрдүн иштөөсүн талап кыла турган жарандык коом өзү кооптуу абалда турат. Биз болуп көрбөгөндөй башкача акыбалда турабыз… Биз өзүбүздүн идентүүлүгүбүзгө фокус жасабай, өзүбүздүн чакан чөйрөбүздөн чыгып, экономикалык, социалдык маселелерге көңүл бурушубуз керек деп ойлойм. 

 Жарандык коом: Чакырыктар жана келечек

Амитаб Бехар, Кедейликке каршы кыймылдардын глобалдык чакырыктары кеңешинин мүчөсү:

“Байлыктын бир колго топтолушу бийликтин бир колго топтолушуна алып келет”

– Азыр Латын Америкада эки эле адам кедей калктын 50%ынан көп байлыкка ээ. Африкада дагы кырдаал мактанарлык эмес. Ал жакта төрт адам кедей калктын 50%ынын байлыгынан көбүрөөк байлыкка ээ. Азияда болсо калктын 10%ы гана башкаларга караганда алда канча бай жашашат. Бул байлыктын бир колго топтолушу. Бул нерсе бийликтин дагы бир колго топтолушуна алып келет. Трамп менен Масктын бир офисте отурганын көрдүңөр — бул олигархиянын көрүнүктүү мисалы. Биз талкуулаган нерселердин баарын талкалаган ушундай экономикалык система бар экенин мойнубузга алалы.  

 Жарандык коом: Чакырыктар жана келечек

Lysa John, феминисттик лидер, Сивикустун мурунку жетекчилеринин бири:

“Коомдон көз каранды уюмдар репрессияларга туруштук берип жатат”

– Биз жарандык коомду каржылоонун жаңы булактарын табышыбыз керек. Индиядагы репрессияга туруштук берген уюмдардын дээрлик баары коомдон көз каранды болгон уюмдар. Чет элдик каржылоодон, же мамлекеттик каржылоодон көз каранды болгон уюмдар же жабылат же олуттуу чектөөлөргө дуушар болот. 

 Жарандык коом: Чакырыктар жана келечек

Сүрөттөр: Бангкок шаарында өткөн Жарандык коомдун эл аралык жумалыгынан 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты