Жарандардын ден соолугун ызы-чуудан коргоо жөнүндөгү мыйзамга кол коюлду
- 3 недели мурун
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ( Укук бузуулар жөнүндө кодекске, «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө», «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 8-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты жарандардын ден соолугун жол берилген деңгээлден ашкан үн басымдын жана ызы-чуунун зыяндуу таасиринен коргоо болуп эсептелет.
Мыйзам менен ички иштер органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкты ызы-чуудан коргоо жөнүндө талаптарды бузуу үчүн ишти кароо жана жаза берүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү;
– тынчтыкты бузуу фактысын же окуясын тастыктаган актыларды укук бузуу жөнүндө иш боюнча далил деп эсептөө;
«Тынчтык жөнүндө» мыйзамга төмөнкүлөрдү караган өзгөртүүлөр киргизилди:
– аталган мыйзамдын жоболорун 31-декабрда саат 22:00дөн тартып 1-январдагы саат 3:00гө чейин, ошондой эле мамлекеттик майрам күндөрү саат 22:00дөн тартып саат 3:00гө чейин жеке, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын аракеттерине жайылтпоо.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg




