Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Президенттин куттуктоосу

  • 3 недели мурун

Президент Садыр Жапаров 1-июнь – балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

-Мамлекет балдардын келечеги үчүн бардык шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну улантат. Анткени балдардын кубанычы – өлкөнүн кубанычы, алардын жаркын келечеги – мамлекетибиздин бекем келечеги.  Кымбаттуу балдарым! Ата Мекенди сүйүү, улууларга урмат-сый, чынчылдык, боорукерлик жана эмгекчилдик – күчтүү мамлекеттин пайдубалын түзөт. Мына ошол күчтүү мамлекеттин келечеги – силерсиңер, деп айтылат куттуктоодо.   

-Ар дайым кыялыңар бийик болсун! Жүрөгүңөр мээримге, жүзүңөр күлкүгө толсун! Ар бир кадамыңар ири ийгиликтерге жетелеп, ата-энеңердин, жакындарыңардын жана бүтүндөй өлкөбүздүн сыймыгы болушуңарга тилектешмин.  Майрамыңар менен!

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты